Мамлекеттин казынасына суук колун салып миллиондогон сом зыян келтирген делип коррупцияга шектелип камалып, үй-мүлку конфискацияланып 11 жылга эркинен ажыратылган Нариман Тулеев, зыяндын ордун толтурду деген шылтоо менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон эле. Мына ушул алкы бузук эргул бугүн айрым маалымат каражаттарына мен түрмөдө “авторитет” болдум деп оозун чойсо, уялбагандан өзүң уял деген ушул тура дейсиң. Жеп-ичти делип соттолуп түрмөгө отуруп чыкканына мактанганына караганда, деңгээли плинтустан да төмөн экени көрүнүп турат. Анан ал Ахматбек Келдибековду президенттик шайлоого чыкса, Нарын облусу менен Бишкек шаарында колдоо көргөзүп, каржылык жардам кылууга убада бергени айтылыл жатат. Учурда мамлекетке алынган мүлктөрүн талашып жаткан кези. “Айчүрөк” соода борборунун бет маңдайына курулуп жаткан “Чынар” гипермаркетинде иштеп жаткан балдардын айлыгын бербей, курулушка акча кошкон бизнесмендерге карызын төлөбөй качып жүрүптүр. Бирок ошол эле кезде, тар чөйрөдө “Менде накта 500 миллион доллар бар, мындай акча Өмүрбек Бабановдо дагы жок” – деп мактанган жайы бар. Айткандай, “Чынар” гипермаркет да Максим Бакиевдики болчу. Ага кантип Нариман ээлик кылып калганы табышмак. Бакиевдердин мүлкүн иликтеп жаткан депутаттык комиссия ушул жагдайга дагы көңүл буруп, көз боёмочулуктун бетин ачып, аталган имаратты жери менен мамлекетке алыш керек…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ