Menu

Өзбекстанда коммуналдык карыз үчүн мал-мүлктү конфискацияга алуу күчөдү

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Жизак облусунунун Зафарабад районунда газ жана жарык үчүн карызы бар тургундардын мал-мүлкү конфискацияланууда. Мындай көрүнүш өлкөнүн башка аймактарында дагы байкалууда.

Зафарабадда жашаган жергиликтүү тургун Бахтиярдын айтымында, күн мурун милиция, прокуратура өкүлдөрү жана видеооператор менен келген атайын топ газ жана электрэнергиясына болгон карызы үчүн малын жана телевизорун алып кетишти.

Жизак облусунун газ кызматынын инженери карыз төлөбөгөн кардарлардын иши сотко, мүлкү мамлекеттин карамагына өтөрү эскертилгенин билдирүүдө. Анын айтымында, облуста көгүлтүр отун үчүн ири бересеси бар 300 киши жоопкерчиликке тартылды. Иш-чара өкмөттүн көрсөтмөсүнүн негизинде жүрүүдө.

Президент Шавкат Мирзиёв январда газ жана электр энергиясына карызы барларга тиешелүү чара көрүүгө чакыргандан кийин мал-мүлктү конфискациялоо жараяны күч алды.

Жизак облусунун жергиликтүү бийлиги курамында прокуратура, милиция жана сот өкүлдөрү бар он кишиден турган атайын топ түзгөн. Алар бересеси бар жарандын үйүнө келишет, прокурор ошол эле жерден иш козгойт, сот дароо чечим чыгарат, андан соң карызкордун мал-мүлкү мамлекеттин карамагына алынууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: