Menu

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама: Трампка арналган ыр, араб Путини жана хиджапчан Барби

Бөлүшүү:

Ирандагы жер титирөө быйылкы жылдын эң кандуу зилзаласы болуп калды, Филиппин башчысы Манила саммитинде ыр ырдады, Сауд Арабия ханзаадасы Мухаммед бен Салманды Владимир Путинге окшоштурушууда жана жакында “хиджапчан Барбилер” чыгат. Дүйнөлүк басылмаларда жарык көргөн орчундуу макалаларды назарыңыздарга сунуштайбыз.

Newsweek басылмасы 350дөн ашык кишинин өмүрүн алып, сегиз миңге жакын адам жаракат алган Ирандагы жаратылыш кырсыгын “2017-жылдагы эң көп адам өлгөн зилзала” деп атады. Кырсыктан Кирмоншох провинциясынын парламент депутаты Фарад Тажаринин үй-бүлөсүнүн 15 мүчөсү курман болгон. Анын айтымында, Сарполь-э-Захаб шаарындагы жалгыз оорукана толугу менен урап калган. Андагы медицина кызматкерлери менен бейтаптардын бардыгы (жалпысынан 236 киши) урандылардын алдында калышкан. “Жетиштүү тамак-аш жок, отун жетпейт, адамдар катуу сууктан өлүп калышы мүмкүн”. Иран менен Иракта 150 миллиондон ашык киши жер силкинүүнү сезишкен. Сейсмологдордун маалыматы боюнча зилзаланын күчү очогунда 7,2 баллды түзгөн.

“Филиппин башчысынын Маниладагы 31- АСЕАН саммитинде ырдаган ыры Родриго Дутерте менен АКШ президенти Дональд Трамптын достугунун башталышы болушу мүмкүн”, деп жазды Frankfurter Allgemeine Zeitung. Дутерте ырдап бүткөндөн кийин “мен Кошмо Штаттардын башкы командачысынын талабы боюнча ырдадым”, деп тамашалады. Трамп Манилага барганда сылык болуп, АСЕАН төрагалыгындагы иши үчүн Дутертени мактады. Дутерте кызматка киришкенден бери Филиппинде миңден ашык ыктымал баңгичилер жана маңзат саткандар өлтүрүлгөн. АКШнын мурдагы өкмөтү Филиппин лидеринин бул саясатын катуу сынга алып келген, деп белгиледи басылма.

“Мухаммед бен Салман Сауд Арабиядагы Владимир Путин болобу” деп суроо салат Al Jazeera телеканалы. Айрым талдоочулар мураскор ханзааданын өлкөдөгү чечкиндүү кадамдары жана “олигархтарга” каршы күрөшү үчүн аны азыр эле “Жакынкы Чыгыштын Путини” деп аташууда. Al Jazeera Путин менен бен Салман ички жана тышкы саясатта кара күчкө таянарын жана экөө тең дүйнөнү кара-ак түстө көрөрүн белгиледи. Мураскер ханзаада 2015-жылы, падыша атасы Салмандын батасын алгандан кийин Эр-Рияддын тышкы саясаты чабуул коюуга багыт алды – «Йемендеги согуш, Катардын блокадасы жана Ливан окуяларындагы Сауд Арабиянын ролу Путиндин пьеса жыйнагынан көчүрүлүп алынгандай», деп белгиледи телеканал.

Мьянманын саясий лидери Аун Сан Су Чжинин жардамчылары батыш өлкөлөрүнүн элчилерине “Рохинджа мусулмандарын колдоо үчүн Мьянмага кысым көрсөтүү – өлкөнү Кытай менен жакындаштырат”, деп эскертти, деп жазат The Wall Street Journal. Билдирүү өлкөгө АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон келер алдында жасалды. Басылманын маалыматы боюнча Мьянмада Тиллерсон рохинджалар жашаган Ракхайн штатындагы гуманитардык каатчылыкты жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрөт. Бул арадаThe Star гезити Мьянманын премьер-министри Наджиба Раззакага шилтеме берүү менен Аун Сан Су Чжи Маниладагы АСЕАН саммитинде Ракхайн штатындагы рохинджаларга эл аралык гуманитардык жардамдарды киргизүүгө макул болгонун маалымдады. БУУнун эсеби боюнча рохинджалар дүйнөдөгү эң көп куугунтукка кабылган улуттук азчылыктар болуп эсептелет.

Барбини өндүргөндөр өткөн Олимпиада оюндарында хиджап менен мелдешке катышкан америкалык найзачы аял Ибтихадж Мухаммедден таасирленип жаңы куурчак чыгарышты. Бул тууралуу Independent басылмасы жазды. Куурчак чыгарган америкалык ири Mattel Inc. корпорациясы жаңы оюнчук кийинки күздө сатыкка чыгарын маалымдады. “Хиджапчан Барбилер – стереотиптерди жокко чыгарган аялдарга арналган коллекция”, – деп билдиришти компаниядан. Ибтихадж Мухаммед Твиттерге “мен кыздар хиджап кийген Барбилер менен ойношот деп сыймыктанып жатам”, деп жазды.

Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада Ибтихадж Мухаммад кылыч менен чабышуу боюнча командалык мелдеште коло медалды багындырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: