Menu

Депортацияланчу өзбек мигранттары ФСБнын уруксаты жок Орусиядан чыга албай жатышат

Бөлүшүү:

Орусиянын Самара облусунун чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайындагы өзбекстандык мигранттар Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) уруксаты жок мекенине кете албай жаткандыктарын билдиришүүдө. Айтымдарында, ФСБнын текшерүүсүнөн өткөн мигранттар үйлөрүнө өз акчалары менен кетип жатышат.

Эки айдан бери аталган борбордо кармалып турган 22 жаштагы Дурбек аттуу өзбек жараны Орусия атайын кызматтары алардын Өзбекстанга кетүүсүнө уруксат бербей жаткандыгын айтты.

– 10-октябрда досум экөөбүздү ФСБ кызматкерлери кармап, кийин Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган деп соттошту. Чечимге ылайык, биз он күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетишибиз керек болчу. Бир нече документке кол коюп бергенден кийин бизди Самарага алып барышты. Бир ай мурда алар сатылып алынган билеттерибизди жокко чыгарып, ФСБ Орусиядан чыгуубузга уруксат бербегенин айтышты, – деди ал.

Дурбек бир нече күн мурда борбордон Өзбекстандын отуз беш жараны чыгарылып, орус-казак чек арасына жеткирилгени менен анын мекенине кетүүсүнө уруксат берилбегенин кошумчалады.

Жакында эле Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова өкмөткө кайрылып, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайлар үчүн акча бөлүп берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, бюджеттен бөлүнгөн акчанын тартыштыгынан улам чет өлкөлүктөрдү мекенине депортациялоо жараяны узакка созулуп кетүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: