“Бопуш” деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев 59 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда режиссёр Эрнест Абдыжапаров Инстаграмдагы социалдык баракчасында билдирди.
“Марат Жанталиев (Саякбайдан) айрылдык.
Кинодо да, жашоодо да дос элең,
Кеткендердин катарында бар белең?
Канча кыял, нечен бейне жаралбай,
Жалган жашоо ушунчалык тар белең? “- деп жазган Эрнест Абдыжапаров.
Алдын ала маалыматтарга караганда, актёр ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Белгилей кетсек, Марат Жанталиев “Саякбай” тасмасында Саякбай манасчынын образын жараткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ