Menu

Видео – Шавкат Мирзиёев: “Сох окуялары чоң сыноо болду, урматтуу Сооронбай Шарипович менен телефон аркылуу сүйлөшүп, бардык маселелерди келишип алдык”

Бөлүшүү:

“Ар бир инсаныбыз үчүн биз жан дилибиз менен күрөшүп жатабыз, карантиндин эрежелерине өтө этияттык менен мамиле кылышыбыз керек. Эми мына ушундай шартта иштеп жана жашоого көнүшүбүз керек. Албетте оор жыл келди, чоң-чоң сыноолор, акыркы 50 жылда мындай Бухарадагыдай шамал болгон эмес, Сардоба апааты да”, – деп билдирди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-июнда Ферганада актив менен болгон жолугушууда.

“Акыркы күндөрдөгү Сох окуялары да сыноо болду. Бир нерсени билишибиз керек, акыркы 3-4 жылда кошуналарыбыз менен, мына ушул кыргыз калкы менен, кыргыз досторубуз менен, бир туугандарыбыз менен аябай чоң иштерди ишке ашырдык. Бир туугандыгыбыз, достугубуз дагы чыңалат. Болуп өткөн окуялар биздин биримдигибизге эч кандай терс таасирин бербеш керек. Кыргыз президенти, урматтуу Сооронбай Шарипович менен телефон аркылуу сүйлөшүп, бардык маселелерди келишип алдык. Бир гана нерсе – сабырдуулук, чыдамкайлык гана керек. Эртеңки күндөгү урпактарыбыздын тынчтыгын ойлошубуз керек. Көйгөйлөр жок эмес, бирок калыс болуш керек, 50 жылда чечилбеген маселе 3 жылда чечилип калмак беле? Биз кыргыздар менен дос болушубуз керек. Кошуначылык 1000 жылдык деп айтылат. Ушул миң жыл болгон чоң тажрыйбабызды, ынтымагыбызды, достугубузду мындан ары да бекемдеп жакын кошуна болушубуз керек”, – деди Мирзиёев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: