Кара-Балта шаарында пенсионер аялдын үйүнө 3 жаш жигит кирип тоноп кетишти. Бул тууралу анын 32 жаштагы кызы А.Ш. билдирет.
Анын айтымында, 16-майда белгисиз үч адам үйгө кирип, пенсионерди сабап, ири суммадагы акчаны таба албай, пенсионердин майда акча сакталган капчыгын жана эки уюлдук телефонун алып, унаага түшүп, качып кетишкен.
Жабырлануучунун кызынын айтымында, уурулар короодогу видеокамерага түшүп калышкан, бардык видеоматериалдарды, далилдерди милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Коопсуздук камералары кол салгандардын жүздөрүн да тартып алган. Ошондой эле милиция кызматкерлери унаанын номерин дагы билишет. Кол салгандар алып кеткен уюлдук телефонду дароо өчүрүшкөн эмес.
Бардык далилдер бар болсо дагы, кол салгандар азыркы учурга чейин кармала элек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ