Menu

Пикирлер – Депутат Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырыш керекпи?

Бөлүшүү:

Жолдошбек Токоев, журналист-аналитик
– Жок, тапшырбашы керек, андай мыйзам жок. Конституцияда депутаттык мандат императивдик күчкө ээ деп жазылып турат. Императив – бул шайлоочулар тарабынан кайра чакырып алынбайт деген кеп. ЖК депутаты Конституция боюнча биринчиден, өз ыктыяры менен, экинчиден, ЖКнын жыйынына 30 күн катышпаса, үчүнчүдөн ооруп милдетин аткара албаса, төртүнчүдөн көзү өтүп кетсе жана бешинчи кылмыш менен соттолсо гана мандаты алынат. Ошондуктан Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшырышы керек деген сөз негизсиз.

Курманбек Мамбетов, “Объектив”гезитинин башкы редактору

– Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырганга мажбурлоого мыйзамдуу негиз жок. Бул маселенин бир жагы. Маселенин экинчи жагы катары мурунку президент айтып жаткан аргумент да (иниси депутат болуп кала берсе, президенттин ишине тетири таасир берет дегени) олуттуу эмес. Асылбек Жээнбеков кааласа, буга Сооронбай Жээнбеков жол берсе, депутат болбой туруп деле агасынын ишине кийлигише берсе болбойбу? Болот. Андай мисалдарды өткөн президенттердин ишинен далай көрдүк го. Ал эми шайлоо алдында ким-ким менен эмне деп сүйлөшкөн, кандай шарттарды койгон, кандай убадаларды берген – бул ошол саясатчьшардын жеке иши, ага коомчулукту, элди аралаштыруунун зарылчылыгы жок.

Асыкбек Оморов, тарыхчы, жазуучу

– Асылбек Шариповичтин мандатын тапшырууга эч кандай себеп жок. Тескерисинче, ал мурун эле КСДПга мүчө экендигине карабай, партиянын съездине чакырылган жок. Эмнеге? Экинчиден, ал коррупцияга да аралашкан жок, таза адам. Үчүнчүдөн, өзүнүн арызы болбосо эмнеге мандатын тапшырышы керек? КСДП партиясы съездине катыштырган жок. КСДП өзү баш болуп элге каршы иштерди уюштуруп жатат. Кыргыздарда “эсиң барда этегиңди жап” деген кеп бар. Элдин келечегин ойлоп, таза иштеп жаткан адамдарга тоскоол болбош керек.

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер

– Кыргызстандын 60-70 пайыз эли бүгүнкү күндө парламенттин ишмердигине аябай нааразы болуп келе жатат. Тарасын, саны азайсын деп. Бирок тилекке каршы, өз билгендерин бербей иштеп келе жатышат. Ал ортодо “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, Атамбаев Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырыш керек деп, өз жеке пикирин айтты. Бирок ага көңүл буруунун зарылчылыгы жок деп эсептейм. Анткени Асылбек Жээнбеков агасы президент боло электе эле КСДПнын саясатын жүргүзүп, эл арасында мандатка ээ болду. Шайлоочу берди мандатты. Ошол себептен ал мандатын тапшырышы керек эмес. Атамбаевге жакпаса, анда мыйзам чегинде шайлоочулардан үч жүз (300000) миң кол чогултсун кетсин деген. Анан Кыргыз Республикасынын Шайлоо комитетине тапшырсын. Бардыгыбыз мыйзам алдында бирдейбиз жана мыйзамды аткарышыбыз керек!!!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: