Menu

Айнуру Алтыбаева, депутат: “Ирина Юрьевнанын көтөргөн маселелеринин бирөө да колдоо таппайт”

Бөлүшүү:

—Айнуру Тойчиевна, жыйында Октябрь революциясына арналган маселе боюнча Ирина Карамушкина менен катуу талаш-тартыш болдуңуздар?

—Эми ар бир депутат өз пикирин айтканга, талашып-тартышканга акысы бар. Унчукпай эле бири-бирибизди колдоп олтура берсек, Жогорку Кеңештин кызыгы кетип калбайбы. Ирина Юрьевна Октябрь майрамдарына арналган документти толук караган эмес, тааныштыгы жок. А кыргыз тарыхын болсо барактап да койбосо керек. Биз ата-бабаларыбызды унутпай эскерип турушубуз зарыл. Тарыхты унуткан элдин келечеги болбойт. Ал эми Ирина Юрьевна менен сыймын.

—Бул боюнча президенттин токтому чыккан да, токтом менен таанышышы керек беле?

—Менимче таанышкан эмес го дейм. Эгер таанышса Октябрь революциясына таптакыр тиешеси жок экенин билип, элге жаман көрүнбөйт эле.

—Дайыма эле Ирина Карамушкина кыргыздын салтына, динине каршы чыга бермейи бар го?

—Биздин фракцияда ар бир депутат өзүнүн пикирин билдиргенге акысы, укугу бар. Аны эч ким тыя албайт. Туура, жалпы элдин жинине тие турган маселелерди көтөрүп жибермей адаты бар экенин жашырсак деле көрүнүп турат. Бирок Ирина Юрьевнанын көтөргөн маселелеринин бирөө да колдоо таппайт. Биз аны ушинтип жазалайбыз.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: