Menu

Оңтойсуз суроолор: Билим берүү министри Эльвира Сариевага – Мансап жашооңуздун маңызын түзөбү?

Бөлүшүү:

– Эльвира Кубанычбековна, сиз Билим берүү жана илим министрлигин жетектеп келе жаткандан бери бул тармактын ызы-чуусу бүтпөс болду. Бул сиздин жетекчи катары иштин көзүн билбегендигиңизди туюнтпайбы? Анткени “эт эмес же чел эмес” арабөк аракетиңизден башаламандык жаралып жатканын билим берүү тармагында эмгектенгендер каңкуулашууда. Сиздин оюңуз кандай? Чын айтып жатышабы же көралбастык кылышып, ушак таратышуудабы? Эгер ушак болсо, эмне үчүн мектептерде акча чогултуу маселеси, окуучулардын митингге чыгышы сыяктуу коомчулукту ичиркенткен жагымсыз окуялар байма-бай катталып жатат? Бул сиздин тармакты тартып кете албаган дараметиңиздин чектелүү экенин айгинелебейби? Ошол эле бир жылдан ашуун убакыттан бери чуусу бүтпөгөн Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулованын тизгинин тартып кое албаганыңыз сиздин алсыз экениңизден кабар бербейби? Какаганга муштаган демекчи, учурда Медакадемиянын жамааты эки жаат болуп чабышууда. Ыр-чыр күчөп кете электе эки тарапты чакырып көйгөйлөрүн чечип берип койсоңуз кантет? Же буга да чамаңыз жетпейби? Минтип эч нерсе колуңуздан келбей, министр болгонуңузга куштарланып сыланып-сыйпанып отура берген сизге сыймыкпы? Жек көрүндүгө айланып, кадырым кетип жатат дегенди ойлонбойсузбу? Карапайым калкты айтпаганда да, өкмөт башчыларынан официалдуу түрдө сөгүш деле алып жатасыз, арданбайсызбы? Сөгүш укканга кулак көнүп бүткөнбү? Сыягы кызмат үчүн баарына кайыл болгон өңдөнөсүз. Мансап жашооңуздун маңызын түзөбү? Жакында бийлик мажүрөө аткаминерлерден арылганы турат. Анын ичинде сиз дагы бар экениңиз айтылууда. Кызматсыз калсаңыз күйүткө түшүп өзүңүздү таштап койбойсузбу? Деги абайлаңыз?..

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: