Menu

ЖАМК: Алмазбек Атамбаевдин экс-жансакчысы коронавирус менен жабыркабайт. Бул жактоочулардын интригалары

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин экс-жансакчысы Канат Сагымбаев коронавирус менен жабыркабайт. Бул жактоочулардын интригалары. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда ЖАМК Кундуз Жолдубаеванын ЖМКларга Сагымбаевдин коронавирус менен ооруп калышы мүмкүн деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Белгиленгендей, Сагымбаевдин жактоочуларынын жана тарапташтарынын маалыматтары чындыкка коошпойт.

“Тергөө изолятору дайыма дезинфекцияланып турат. Сагымбаев ден-соолугуна байланыштуу эч кандай даттанган эмес. Ал абактын кызматкерлерине жазуу түрүндө же оозеки түрдө дене табы көтөрүлгөндүгү же дагы башка нерсеси боюнча кайрылган эмес”, – деди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.

Аталган кызмат белгилегендей, тергөө изоляторунан сотко барардан мурун, камакка алынган ар бир адам тепловизордун жардамы менен дарыгерлер тарабынан текшерилет. Эгер Сагымбаевдин дене табы көтөрүлүп жаткан учурда же даттануусу болсо ал тергөө изоляторунан чыгарылмак эмес. Мындан тышкары, сотто дагы текшерүү болот, бирок дене табынын көтөрүлгөнү байкалган эмес.

“Бул коргоочулардын интригасы. Сагымбаев тергөө изоляторуна кайтып келгенден кийин, ал кайрадан текшерүүдөн өтөт. Мекемеде дезинфекция бир күндө бир нече жолу жүргүзүлөт. Дарыгерлер кылдаттык менен текшерип жатышат”, – деди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.

Эске салсак, бүгүн, 11-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча иш каралды. Ага катышкандардын бири Кундуз Жолдубаева, СИЗО-1де коронавирус бар экендигин билдирди.

“Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда Канат Сагымбаев ооруп жаткандыгын билдирди. Анда COVID-19 белгилери бар болчу. Ал 3 күн мурун СИЗО-1дин жетекчилигине кат жолдогон, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок”,- деди Жолдубаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: