Оштогу президент Сооронбай Жээнбеков катышкан жыйында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Жалал-Абад облусунун жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев «уктап калганы» социалдык тармактарга жайылып, талкууга алынды. Буга байланыштуу Акрам Мадумаров: «Мен ал жерде ылдый карап кагазды окуп жаткам» – деп актанды. Кыянбек мырза билмексен болуп үн каткан жок. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов: “Өкмөт башчыдан уктап калган аткаминерлерди иштен алыңыз” – деп президентке кошоматтанды. Абылгазиев ишти иликтеп, чара көрөбүз дегендей мыңкылдады. Алтынбектин кошоматы өтөбү же талаада калабы жакын арада белгилүү болот. Бир карасаң кызык эле жагдай, Жогорку Кеңеш “чимкирик”, Өкмөт “түкүрүк”, аткаминерлер “уйкучу”…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ