Аз күн мурун “Байтур” мончосунда таластык аксакалдардын жоон тобу кичүү муунга насаат айтып, сөз аягы акыры 2010-жылдагы революцияга барып такалды. “Биз 6-апрелде Таластан элди көтөрүп, бийликти алууга чоң салым кошконбуз. Азыр эмгегибиз бааланбай калды. Кызматсыз жүрөбүз. Ал эми ошол 6-апрелде лидерлер камалып атканда Рыскелди Момбеков качып кеткен. Эртеси 7-апрелде эл менен милиция “Форумдун” астынан кагылышканда, чунак бала дагы качып атпайбы! Ошондо эки жолу качкан. Мына ушул жигит азыр революционер болуп, ооз көптүрө сүйлөсө жакаңды кармайсың! Революция максатына жеткен жок, дээрлик жалганчылар, кой терисин жамынгандар бийликке келип алышты!” деп бир ооздон “тарс” жарылышканда, катарлаш отургандар тегиз баш ийкешип, ынануу менен карап калышты. Ошентип, омбу-домбу жүрүш салган, уйкаштыра сүйлөгөн Рыскелди мырзанын жүзү ачылып калды да-а…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ