Menu

«Ачык сөз» эл аралык деңгээлге чыкты

Бөлүшүү:

«Ачык Сөз» коомдук-маалыматтык гезити түптөлүп-түзүлүп жарыкка чыга
баштаган сааттан баштап, өзү койгон максат-милдеттерден, эреже-тартиптерден тайбай,
элдин, коомдун көйгөйлөрүн көтөрүп, өлкөнүн негизги күчү катары көрүнгөн кадрларды
сындап, «камчы болуп чабылып», арам шорполордун тамагына сөөк болуп сайылып,
өнүгүүнү каалабаган көрө албастардын көзүнө көк топурак болуп тыгылып, ал эми
мыктыларына, эл жакшыларына дем, шыкак, таяп-жөлөп бел болуп, кылган иштерин
шардана айтып, жар кылып, канат-бутактарынын жайылышына кайсыл бир деңгээлде
шарт түзүп келе жаткандыгын баары болбосо дагы көпчүлүгү билип калышты.
Гезит жана анын башкы редактору Жора Сулайманов жалаң гана саясий-шоуларды,
алардын «кыйчалыш-кысталыштарын» гана чагылдырбастан кыргыз элинин ата
мурастарын, улуттук баалуулуктары катары эсептелинген каада-салтын, үрп-адатын, миң
жылдары бою жоголуп кетпей келе жаткан кол өнөрчүлүгүн, алардын ири өкүлдөрүн,
эмгектерин элдин эсине түшүрүп, жаңыртып, аларга дагы туруктуу аянтча түзүп
бергендигинин өзү эле ата уулу экендигин ачык тастыктап турат. Өзгөчө белгилей турган
жагы, башка гезиттерде 40-50 адам иштеп, жарытаарлык, колго илинээрлик эч нерсе бере
алышпай келе жатышса, Жора байкебиз 2-3 кызматташы менен эле «тигилерден» ашып
түшүп, ийгилик жаратып жатышын белгилебей коюуга мүмкүн эмес.
Анан да тынымсыз эмгектин жыйынтыгынын акыбети кайтып, «Ачык Сөз» бүгүн
Эл аралык деңгээлдеги гезиттердин бирине айланды. Себеби гезиттин беттерине түрк,
өзбек, казак акындарынын ырларына, макалаларына дагы орундар берилип, алар менен
дагы кайрадан таанышып жатабыз. Андан сырткары гезиттин нускалары Тажикстандын
Тоолуу Бадахшан, Каратегин аймактарына, Өзбекстандын Жизак облусуна, Астанага,
Россиянын ири шаарлары Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург өңдүү шаарларына
жетип келсе, жакындан баштап Абаканда, Якутияда жашаган кыргыз диаспораларынын
өкүлдөрү дагы алып барып окуп жатышат. Бул, гезиттин маани-маңызынын жана
аброюнун өсүшүнүн ачык далили. Чындык, акыйкаттык, адилеттик, калыстык, негизгиси
илим-билим, маданият өнүккөн жерде саясат эмес, адабият, ушак эмес улуулук уялайт.
«Ачык Сөз», жолуң байсалдуу, баяндуу болсун!
Туруктуу окурман Союзбек Эркинов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: