Menu

КРнын Россиядагы элчилиги: Бүгүн Москвадан Бишкекке 393 кыргызстандык учуп кетти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.
КРнын Президенти Соронбай Шарипович Жээнбековдун Россиядан Кыргызстанын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 2020-жылдын 7-июнунда Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 402 жүргүнчү, алардын ичинде 393 кыргызстандык учуп кетти. Мындан сырткары, россия тарабынын өтүнүчү менен 9 РФнын жараны киргизилди.
Бул каттам менен 176 кош бойлуу аялдар, 86 жаш балалуу айымдар, 34 оорукчандар, 25 улгайган жарандар, 34 хостелдердеги аялдар, ошондой эле 8 жакындарын жоготкон жарандар жөнөтүлдү. Бардык кош бойлуу аялдар жана оорукчандар оорусу жана кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалым кат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.
Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору турган “бизнес-класс” багытынан орун алган 30 жаран жөнөтүлдү.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Элчиликтин алдындагы Жумушчу топ тарабынан жарандардын жеке арыздарынын негизинде жана кыргыз диаспорасынын лидерлеринин сунушу менен түзүлдү.
Курамында үч дарыгер (офтальмолог, гинеколог жана эндекринолог) кирген Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалым каттар текшерилип, кош бойлуулар катталып, УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталды.
Оорукчандар жана кош бойлуу айымдар тарабынан берилген маалым каттар жана УЗИ корутундуларын текшеруунун жыйынтыгында ар кандай патология жана учууга каршы белгилерден улам 25 адам каттамга киргизилген жок.
Учуп кеткендердин тизмесин жарыялоо тууралуу өтүнүч менен кайрылган жарандарга жеке мүнөздөгү маалымат тууралуу 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 – Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Элчилик КРнын жарандары тууралуу маалыматты алардын макулдугу жок жарыялай албай тургандыгын маалымдайбыз.
Бүгүнкү күнү Элчиликке Мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 5 миңден ашуун арыз келип түштү. Тилекке каршы, бардык каалоочуларды дароо жөнөтүп жиберүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан мекендештерди сабырдуулукка чакырабыз.
Элчилик тарабынан бүгүнкү күнү мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө, РФнын ТИМи, Росавиация, Роспотребнадзор жана авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Элчилик Россиядагы биздин мекендештерибиздин учурдагы абалын эске алуу менен, Москва шаарынын Мэриясы менен биздин жарандарыбызга жардам берүү жана жакынкы күндөрү пландалып жаткан Москва-Бишкек жана Москва-Ош авиа каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Элчиликтин алдындагы Штаб учурдагы кризиске байланыштуу жарандарыбызга жардам берүүнү: биринчи кезекте мекенине жөнөтүү, тамак-аш менен жана убактылуу жашоочу жай (хостелдер) менен камсыздоо боюнча жардам берүү ишин күнү-түнү улантып жаткандыгын белгилеп кетебиз.
Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандардын тынчсыздануусун тең бөлүшүү менен, Элчиликтин алдындагы Штаб үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айлар ичинде Россия Федерациясынан Кыргызстанга чартердик каттамдардын уюштурулаарын да маалымдайт.
Мекенге кайтуу тууралуу ар кандай ушактарга ишенбөөнү жана ар кыл мүнөздөгү чындыкка дал келбеген маалыматтарга алдырбоону, ошону менен бирге мамлекеттик булактарда гана жарыяланган такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну өтүнөбүз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: