Кечээ, 7-июнда “Сибирь” авиакомпаниясынын “Новосибирск – Ош” каттамы менен Ошко 204 кыргызстандык жаран кайтып келди. Арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бул аталган каттам менен ар кандай оорулар менен ооруган жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандар келген.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Россиянын Сибирь, Ыраакы Чыгыш жана Түндүк аймактарында жашап, кыргызстандыктардын кайрылууларын эске алуу менен диаспора өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн.
Ошондой эле, учуп келгендердин арасында Алтай аймагында, Новосибирск, Омск, Кемерово жана Томск облустарында административдик тартип бузуп, убактылуу кармоочу жайда турган 16 адам бар.
Кайтып келген жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат. Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ