Menu

Ч.Турсунбеков: “Парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы бардык иш-чараларды колдоого алышыбыз керек”

Бөлүшүү:

13-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттык делегация Пакистан парламентиндеги кыргыз-пакистан достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Иш-чарада парламенттер аралык мамилелерди достук топторунун тыгыз кызматташтыгы аркылуу кеӊейтүүгө болору айтылып, тараптар байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Төрага Чыныбай Турсунбеков парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстан үчүн Пакистандын бул жааттагы тажрыйбасы өтө зарыл экенин белгилеп: “Күндөн-күнгө парламенттик достук топторунун жана депутаттардын кызматташтыгы жигердүү өнүгүп барат. Себеби, эки мамлекет үчүн ар тараптуу алакалардын мааниси чоӊ.  Андыктан, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы бардык иш-чараларды жана долбоорлорду колдоого алышыбыз керек”, –  деди.

Ал эми кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун мүчөсү, депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеӊештин ишмердүүгү жөнүндө маалымат берип, парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылды.

Ошондой эле достук топтору мыйзам чыгаруу жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгына токтолушту.

Эске салсак, кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, А.М.Султанов, И.Ю. Карамушкина жана К.С.Нурматовдор кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: