Menu

Максат Сабиров, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Эл ичинде арыз-муң, көйгөйлөр арбып кетиптир”

Бөлүшүү:

– Максат мырза, бул апта депутаттар үчүн аймактарды кыдыруу убактысы эмеспи. Кайсы аймактарда болдуңуз, элден кандай көйгөйлүү маселелер айтылып жатат?

– Ооба, бул аптада депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу өтүп жатат. Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда, Каракол шаарында болуп, жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрдүм. Эртенден тарта Ысык-Көл, Балыкчы, анан Нарынга барып кайтам. Элди түйшөлткөн негизги көйгөйлүү маселелер дагы деле көп экен. Баягы эле таза суу, жол, баасы түшүп, дыйкандар сата албай жаткан картошка, сарымсак, кредиттерин төлөй албай жатышкандарын, жөлөк пул ала албай, операция жасата албай жаткандардын, айтор, толгон-токой арыз-муң, проблемаларды айтып бүтүшпөйт. Уктук, колубуздан келишинче чечкенге жардам беребиз. Кийинки жумада жалпы жыйынга алып чыгабыз.

– Москвага Бабановго 5-6 депутат барып, жолугуп келипсиздер. Сыр болбосо, алдын ала сүйлөшчү маселелер бар беле?

– Беш-алтообуз эмес, төртөөбүз эле барып келдик: Казакбаев, Жээнчороев, Бокоев, мен болуп. Эч кандай талкуулачу деле сөздөр жок эле. Атайын жолугушуу үчүн бардык. Бир жылдан бери ал кишини көрө элек болчубуз. Көрүп, ал-акыбал сурашып, амандаштык. Бизди да сагыныптыр. «Качан келесиң?» деп сурадык. Жакында келерин айтты. «Анда жакшы экен, тосуп алабыз» деп жолубузга түштүк. Болгону ошол, сыр деле жок.

– «Апрелдин башында келет экен, тосуп алууга 10 миңдей киши даярдалып жатыптыр» деген маалыматтар чынбы? Качан келери, так датасы барбы?

– «Келе турган күнүнүн так датасын барарда айтам» деди Бабанов. «10-15 күндүн ичинде, тагыраагы, апрель айынын башында» деген.

– Ал киши эмне иш кылып жатыптыр?

– Биз саясатчыбыз да, эмне иш кылып жатканын сураган жокпуз. Бизнестерин жасап жатса керек.

– Жакында парламент тарап кетиши мүмкүнбү?

– Аны билбейм. Мен 9 жылдан бери депутатмын. Жыл сайын жазда, күздө «тарай» беребиз. Парламентти таратууга негиз жок го азыр. Жөн гана божомол кеп-сөздөр болушу мүмкүн.

– Путин келип кеткенден кийин өкмөт алмашабы?

– Аны парламенттеги көпчүлүк коалиция чечет. Путинди узатып алалы, анан көрөбүз го…

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: