Орусиянын бир нече шаарынын бийлиги 7-октябрда Алексей Навальныйдын тарапташтарынын оппозиционерди колдогон акцияларды өткөрүүсүнө тыюу салды.
Алсак, Москва мэриясы дароо митинг өткөрүү боюнча беш билдирмени четке какты. ТАССтын маалыматы боюнча, билдирмелерде акция өткөрүү үчүн бир нече жер көрсөтүлгөн. Бирок бийлик акция өткөрүүгө «объективдүү себептерден» улам уруксат берген жок.
Оппозициянын 7-октябрга белгиленген Санкт-Петербургдагы акциясына дагы тыюу салынды – шаршембиде сот Навальныйдын жергиликтүү шайлоо штабынын билдирмесин четке какты.
Навальныйдын тарапташтарынын Калуга, Кемерово, Воронеж жана Томск шаарларында дагы акция өткөрүүсүнө уруксат берилген жок. Калугада тыюу салуунун себеби катары ал күнү пикеттин «объектиси» эсептелген Навальныйдын өзүнүн жок болору айтылды. Воронеж бийлиги оппозиционерди колдоо акциясы «шайлоо алдындагы мыйзамсыз үгүт болуп каларын» билдирди.
Учурда Навальныйдын тарапташтарынын митинг өткөрүүсүнө Екатеринбургда гана уруксат берилди.
Навальный менен анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков азыр камакта. 2-октябрда сот аларды «макулдашылбаган иш-чараларга катышууга бир канча жолу чакырык жасаган» деп таап, 20 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ