Menu

Алмамбет Салиев уурдаган миллиондорду бөлүшүп, кутулуп кеттиби?

Бөлүшүү:

Радио жыштыктагы коррупцияга, “Акнетти” рейдерлик баскынчылыкта тартып алууга жана “Дастан” заводуна байланыштуу бир канча миллион долларлык күмөн жараткан иштерге Алмамбет Салиевдин тийешеси бар беле? Бул эргул президенттик аппараттын орун басары болуп турганда дээрлик күч органдарын, сотторду көзөмөлдөп, кураторлук кылганы менен белгилүү. Ушундан улам бир канча суроолор жаралууда. Коррупцияга шектелип камалган Курманбек Дыйканбаев “Дастандан” чыгарылган 3 миллион доллар боюнча Алмамбет Салиевге көрсөтмө бергенби? “Акнетти” тартып алып, ээсин каматып жибергени тастыкталабы? Ал эми радио жыштыкты көмүскөдөн сатууга бир топ чиновниктер айыпталып, президенттин аппаратын калчаган Алмамбеттин аман калганы кандай? Артынан “калбыры” катуу калдырай баштаганда Соке жансоогалап, күч органдарынын төбөлдөрүнө сүйлөшүп, кыңыр иштерин жаап салганбы? “Шибегени капка ката албайсың” дегендей, булардын былыгы канчага чейин жашырылмак эле? Же алган “долялары” менен бөлүшсө кутулуп кетишеби?
Кызык, президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго иштеп, 15 кишиге чай берип, кошомат кылганын айтышууда. Уурдаган миллиондорду бөлүшсө эле суудан кургак чыга береби?..

Булак: “Азия ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: