Menu

“Бакыт Сыдыков бийликтин бетине чиркөө болду, тезинен чара көрүү зарыл”

Бөлүшүү:

“Манас” эл аралык аэропортунун президенти Бакыт Сыдыков бул кызматты Бакиевдин режими тушунда да жетектеп, кылмыш иштери козголгону маалым. Кийин чыр-чатак менен ээрден оогон. Садыр Жапаров өткөн жылы билдиргендей, Бакыт Сыдыков убактылуу дайындалган эле. Бул эргулдун кызматты сатып алганы айтылып, учурда аэропортто интрига күчөгөнү, билеттердин баасы көзөмөлү жок кымбаттаганы, коррупцияга шектелип атканы кандай? Эмне үчүн артынан сөз ээрчиген, жаңжалдуу кадрдын ишмердиги боюнча жогорку бийлик өкүлдөрү үн катышпайт?

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

– Тилекке каршы, азыр бийликке келип аткандардын көпчүлүгү Бакиевдин бийлигине кандайдыр бир шартта байланыштары бар адамдар. Муну моюнга алышыбыз керек. Алыс кетпейли, убактылуу премьер-министр Артем Новиковдун Максим Бакиев менен тыгыз байланышта болгонун ким билбейт? Баарыбыз эле билебиз. Ошол эле Бакыт Сыдыковдун мародерлук темага байланыштуу чуулгандуу окуяга түздөн-түз тийешеси болгонун убагында элдин баары уккан. Жаңы шайланган ажобуз бийликке келип-келбей ушундай адамдардан тазалангандын ордуна “куйругу таза эместерди” алып келип атканы коомчулукта терс маанай жаратып жатат. Бу жигиттин ишмердигин көзмөлгө ала турган УКМКнын чоңу Камчыбек Ташиев. Эмнегедир УКМК ушундай олуттуу иштерди карабай, тезинен чара көрбөй атканы бизге азырынча түшүнүксүз.

Анарбек Усупбаев, “Манас ордо” коомунун төрагасы:

– Бакыт Сыдыков иним Бакиевдин тушунда “ити чөп жеген” кадимки эле Үсөн Сыдыковдун баласы да. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, атасынын өз учурунда коррупцияга аралашканы боюнча коомчулукта өтө терс пикирлер айтылып келгени калппы? Садыр Жапаров “убактылуу” деп чоң кызматка койгон. Шартын да элге түшүндүргөндөй болду эле. Ал шартты эч ким унута элек. Саат жебелери чыкылдап өтүп атат, кана? Эми Садыр Жапаров кадр маселесин туура койсо, иш оңунан чыгат да. Анан баягы эле коррупционерлер бийлик бутагына келе берсе, илгерки таз кейпибизге түшөбүз. Андан да жаман абалда калабыз. Ушу биздин чакан өлкөдө эмне көп? Чиновниктер көп. Алар барган эле жерин чиритип, кыйратып жок кылып атат. Мына ушуларды кескин түрдө азайтуу зарыл. Ошол эле учурда Бакыт Сыдыковго окшогондорду андай кызматка жолотпош керек. Карачы, биздин чет мамлекетте жан багып жүргөн мигранттар эмне болуп атат? Авиабилеттин баасын акыркы эле учурда көтөрүп ийишти. Карапайым элдин жонунан кайыш тилип атпайбы, же андай эмеспи? Кыскасы, Бакыт Сыдыков бийликтин бетине чиркөө болду.

Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер:

– Кадр маселеси чындыгында өтө орчундуу жана оор маселе. Бул боюнча ой толгоолорумду ар дайым айтып келем. Бизде Кудайга шүгүр, илим-билимдүү жаштарыбыз жок эмес. Алар акырындап өсүп келатышат. Кайсы тармакты албайлы, “артында калбыры” жок, коррупцияга эч аралашпаган, буга чейин мурунку бийликтин запкысын жеп келген, таза, мамлекеттин өнүгүшүнө ат көтөргүс салым кошо турган адис адамдарыбыз деле бар. Анан эмне себептен аркасынан жаман сөз ээрчип калгандарды кайра кызматка алып аткандары мен үчүн түшүнүксүз болуп атат. Эмне себептен ушуга окшогон жаман илинчеги бар, жагымсыз сөз ээрчиген адамдарды жогорку кызматка коюп атканын элдин баары жактырган жок. Эми Садыр Жапаров эл тарабынан шайланды. Эч бир тартынбастан кадр маселесин катуу карап, туура багытта чечиши керек.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: