Menu

Бакыт Сыдыков ызы-чууну басуу үчүн канча акча тараткан?

Бөлүшүү:

“Манас” эл аралык аэропортуна Бакыт Сыдыков дайындалганда коллективи түп көтөрүлө каршы чыгышып, кабыл албай атышкан эле. Бул боюнча видеолор да соцтармакта тараган. Коомчулукта ага карата нааразычылыктар жаралганы эсибизде. Көп өтпөй эле аэропорттун кызматкерлери тынчып калышкан. Кызыгы, өздүк булагыбыз билдиргендей, Бакыт Сыдыков каршы чыккан кесиптештерине акчалай сыйлык, премия таратканы ыраспы? Дал ошондон кийин каршылык көрсөткөндөр тынчып, каяша айтпай калыштыбы? Бул суроолорго Бакыт Сыдыков жооп берсе, гезит бетинен орун берилет.
Каарманыбыз өткөн парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынан аттанса, 2015-жылы “Республика – Ата Журттан” депутат болгон. “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” демекчи, Үсөн акенин эркеси Бакиевдин доорунда аябай көпкөнү белгилүү. Акыры дал ушул аэропортту жетектеп турганда коррупцияга айыпталып, белгисиз бирөөлөрдөн да катуу таяк жеп, коомчулукка дүрбөлөң салганын унута элексиңерби?
Учурда кадр саясатындагы оркойгон катачылык катары Бакыт Сыдыков талкуудан түшө элек. Тазаланбай калдыкпы?

Булак: “Азия ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: