Menu

АКШ: тышкы иштер боюнча комитет Навальныйды бошотууну талап кылды

Бөлүшүү:

Майкл Маккол

АКШ Сенатынын Өкүлдөр палатасындагы тышкы иштер боюнча комитеттин төрагасы Грегори Микс менен республикачы-сенатор Майкл Маккол Орусиядагы адам укуктарынын бузулушу боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

Эки саясатчы тең оппозициячы Алексей Навальныйды жана акциялар учурунда кармалган миңдеген адамды тез арада бошотууну талап кылып, тынч митингдердин катышуучуларына карата мамилени жана журналисттердин кармалышын сынга алышты.

Микс менен Макколдун билдирүүсүндө «Путиндин режими абийирсиз коррупциясы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектиги» жазылган.

2-февралда Москвада «Ив Роше» деп аталган мурдагы иш боюнча Алексей Навальныйдын шарттуу жазасын реалдуу камакка алуу жазасы менен алмаштыруу маселеси каралат. 2014-жылы «Ив Роше» иши боюнча саясатчыга шарттуу жаза өкүм кылынган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: