Menu

Тажикстан менен чегара меселесин сүйлөшүүдө Кыргызстан бийлиги кетенчиктеп, коңшу тараптын айткандарына көнүп келеби?

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 13-ноябрда Баткен облусунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шайырбек Орозалиев басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Максат айылынын тургундары менен Овчи-Калача тажик айылынын тургундарынын ортосундагы сентябрдагы чатагынан кийин коңшулар футбол талаасына киргенге ураксат алышыптыр.

“Мурда тажиктер футбол ойногонго уруксат сурап кат жазышчу, эми сурабай-этпей эле кирип жатышат. Алар көптөн бери ал талаага көз артып келишет. Мындан тышкары, тажик бийлигинин талабы менен Максат айылындагы чегара заставасындагы кароол мунара да алынды. Кыргызстан эч нерсе кылбай олтурат, ал эми Тажикстан акырындан биздин аймакка кирип келе жатат”, – дейт айыл депутаты.

“Тажик тарап Кулунду-Максат жолун оңдоп-түдөгөнгө каршылык көрсөтүүдө, бирок ал биздин жерлер да. Жакында эле айтпай туруп, “Кайрагач” постуна жакын талаш жерге контейлерди орнотушту. Мурда ал жерде “Лейлек” деген бажы тосмосунун жарнагы илинип турчу. 2018-жылы Тажикстан аны өз алдынча эле алып койду. Ушуларга карабай, мамлекеттик органдарыбыз оозуна талкан толтуруп алгансып, унчукпай келишет”, – деп Ш.Орозалиевдин жаны ачыды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: