Menu

Руслан Казакбаев, ЖКнын депутаты: “Дипломат машинасын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Кыргызстандан барган делегацияга берүүгө милдеттүү”

Бөлүшүү:

– Руслан Айтбаевич, сизге мурдагы дипломат катары суроо берейин. Дипломатиялык кызматкерлер кызматтык машинасын бирөөлөргө, айталы, досторуна, тааныштарына берип койсо болобу?

– Эми дипломатиялык машиналардын айдоочулары бар да. Эгер айдоочулары болбосо, дипломат өзүнүн машинасын берип аткан болсо, ал башка маселе. Үй-бүлө мүчөлөрүнө, же Кыргызстандан барган делегацияга берүүгө ал милдеттүү да. Кантип бербеш керек?.. Мисалы, депутаттар барат, министрлер барат.

– Бирок, Айеркен Саймаити Түркияга делегация менен барган эмес, үй-бүлө мүчөсүнө да кирбейт.

– Эми бул жерде караш керек. Эгер консулдук өзүнүн машинасын Саймаитиге берип койгон болсо, бул маселени мыйзам чегинде, мыйзам алкагында караш керек. Ал эл аралык конвенцияларды да бузуу болуп саналат, биздин мыйзамдарды да бузуу болуп саналат. Бирок, менин билгениме караганда… Тышкы иштер министрлиги маалымат бериптир, «сатуу салонуна коюлган» деп. «Азаттыктын» комментарийлеринде «ал номер жасалма экен» деп жүрөт. Ошондуктан, биринчи изилдеп чыгыш керек муну. Чындыгында дипломаттык машинаны Кыргызстандан иш сапары менен барган жарандарына, консулдук ишке байланыштуу, же Кыргызстандын ишине байланыштуу кызматкерлерге берсе болот. Анан жөндөн-жөн эле сыртта жүргөн, кылмыш иштери менен байланыштуу болуп, издөөдө жүргөн кишиге берилгени – бул чоң маселе. Муну караш керек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: