Кыргызстандын 300гө жакын жараны Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында эки жака тең өтө албай калган. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева билдирди.
Маалыматка караганда коронавируска байланыштуу чек арада өтө албай жаткан 300 чакты жаран Россия чек арасын жапкандыгына байланыштуу Россияга же Казакстанга кире албай орто жолдо калышкан. Алар туугандары менен байланыша албай жатышат, акчалары дагы калбай калган.
Бул маселенин үстүнөн өкмөт иштеп жатканын төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.
“Өкмөт бул иш боюнча иштеп жатат. Премьер-министр менен да сүйлөштүм. Ошол жерде калган 200дөн ашык жараныбыз бар экен. Азыр аларды алып келүү жолу чечилип жатат”, – деди Д.Жумабеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ