Күн жылыган сайын баарыбыз эшикке чыгып, азык-түлүк дүкөндөрүнө барып, кезекке туруп соода кыла баштадык. Эч кандай бет кап кийбестен, санитардык нормаларды бузуп, эң жөнөкөй эрежелерди сактабай жатасыңар. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн-брифингде билдирди.
Комендант буга байланыштуу дүкөндөрдүн жетекчилерине кайрылып, бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды сактоону өтүндү.
“Жарандар кезекте турган убгында санитардык нормаларды сактооо максатында, алардын аралыгын сактап, кире беришке эскертүү кагаздарын илип, антисептикалык каражаттарын колдонгула. Азыркы учурда барыбыз, анын ичинде өзүбүз, үй-бүлөбүз жана жакын туугандарыбыз үчүн жоопкерчиликтүү экенибизди унутпайлы”, – деп билдирди комендант.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ