Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына М.К. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Анткени, 2017-жылдын 12-ноябрь күнү Шабдан Баатыр жана Литовский көчөлөрүнүн кесилишинен “Жоодарбек” аттуу жаран күч колдонуу менен арыздануучунун “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефону, акча каражаты, жеке документтери салынган сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну кармалган.
Кармалган жаран тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ