Menu

HRW: Ашхабад COVID-19ду жашыруу менен элинин саламаттыгын коркунучка кептеп жатат

Бөлүшүү:

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин жашырып, элинин саламаттыгын коркунучка кептеп жатканын эскертти.

Уюм 27-июнда жарыялаган билдирүүсүндө Ашхабадды өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышы тууралуу маалыматтарды топтоп, аларды жарыялоону, ошондой эле вируска тест аркылуу текшерилүү жолдорун жөнөкөйлөштүрүп, дарыгерлерге басымды токтотууну талап кылды.

«Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусу жок деп жашырып жаткан учурда ал мүнөт сайын адамдардын саламаттыгына жана өмүрүнө коркунуч келтирип жатат. Бийлик минтип ооруну жөнсүз жокко чыгарууну токтотуп, тезинен чараларды көрүүгө тийиш»,- деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рейчел Дэнбер.

Түркмөнстан — өлкө аймагында коронавирус инфекциясы жок экенин билдирип келаткан дүйнөдөгү аз мамлекеттердин бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: