Menu

Өзбекстан менен ратификациялык мыйзам долбоорлору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эки ратификациялык мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

– “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору;

– “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору.

Маалыматка ылайык, биринчи ратификациялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын салык мыйзамдарынын өз ара мамилелерине жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу максатында иштелип чыкты. Бул Макулдашуу эл аралык салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болуучу жалпы көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнүн бирдиктүү формасы болуп саналат.

Ал эми Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын коргоо чөйрөсүндөгү өз ара мамилелерге байланыштуу маселелерди чечүү, чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартибин регламенттөө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, чек ара инциденттерин жөнгө салуу жана мамлекеттик чек арадагы шарттамды кармап туруу аталган 2- макулдашуунун негизги максаты болуп саналат.

Ратификациялык мыйзам долбоорлору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: