Бүгүн, 4-декабрда экс-президент Алмаз Атамбаев Индостан жарым аралындагы Гоа курортунан эс алуудан кайтып келди. Аравия деңизинин жээгинде жайгашкан Индиянын Гоа штаты көп жылдар бою Португалиянын колониясы болгондуктан туристтик жана эс алуу инфраструктуралары жакшы өнүккөн. Ушундан уламбы Гоа Алмаз Атамбаевдин сүйгөн курортуна айланды. Атамбаев президент кезинде да Гоага эс алууга барып жүргөнү коомчулукка белгилүү. Азыр да 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун инагурациясын өткөрүп, кызматын тапшырары менен 25-ноябрда Гоага 10 күнгө эс алууга учуп кеткени кабарланган.
Гоада эс алып, күч-кубат жыйнап келген Атамбаев декабрдын кап ортосунда КСДПнын съездин өткөрүүгө киришкени каңкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ