Бүгүн, 7-июнга карата Кыргызстанда дагы 33 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
– Бишкек шаарынан – 9 адам;
– Ош шаарынан – 9 адам;
– Ош облусунан – 3 адам;
– Нарын облусунан – 8 адам;
– Чүй облусунан – 3 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 1 адам.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2007 адамга жетти.
Ал эми өткөн суткада коронавирустан 65 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 8 адам;
– Нарын облусунан – 30 адам;
– Ош шаары – 18 адам;
– Ош облусунан – 7 адам;
– Жала-Абад облусунан – 1 адам;
– Ысы-Көл облусунан – 1 адам;
Республика боюнча жалпы 1425 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ