Menu

Атамбаев менен Текебаевдин кимисиники бет тырмачылык?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда Конституция өзгөрөт. Айрым беренелерине өзгөртүү кирет дегенден бери саясый кырдаал күч ала баштады. Айрыкча Президент А.Атамбаевдин 2016-жылдын 31-августунда көз карандысыздыктын 25 жылдык  мааракесине арналган  салтанатта сүйлөгөн сөзү ого бетер кырдаалды курчутту.

Президент Алмазбек Атамбаев экс-президент Р.Отунбаева жана Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө байланыштуу сөз козгоп,  коомчулуктун оозун ачырып,  Минскиде жүргөн Бакиевдердин, Москвада жүргөн Акаевдин чырагына май тамызды.

Ошондон бери “эми эмне болот, Атамбаев Отунбаеванын экс-президент деген статусунан  ажыратабы? Текебаев “мародерлугу” үчүн камалабы? Ячейкаларды бузганы үчүн  Бекназаров менен Сариевдерди кандай тагдыр күтөт?  Отунбаеваны эч ким шайлабаса деле “Президент болуп алып”,  экс-президент болуп резиденцияда мамлекеттик үйдө бекер жашап, алган чоң айлыгын, “легитимсиз президент” болдуң деп аны мамлекеттик жеңилдиктерден куру калтырабы? 2010-жылы түштүк коогалаңын уюштурду делген өзбек сепаратисттеринин башында турган  К.Батыровду кимиси Кыргызстандан чыгарган экен?”-дешип, дагы кандай сөз чыгат деп коомчулук кулактарын түрүп калышты.

Ошондон бери тиреш курчуп, Текебаев Атамбаевди жеңгиси келсе, президент да өз аргументтери менен кечээги үзөнгүлөш, санаалаштарын сындап, ачуу чындыкты ачыкка чыгарып, тарых алдында жооп бересиңер деп отурат.

Президенттин сөзүнө теригип, иш андай эмес мындай болгон деген Текебаев президенттин 60 жылдыгына, Кыргызстанда өтүп жаткан саммитке карабай президенттин Кой-Ташта салдырып жаткан резиденциясынын жери Бакиевдерге караштуу жер болгонун, Аны Албек Ибраимов Атамбаевге белек кылып берип мэр болгонун айтып чыкты. Бирок Текебаев ал менен эле токтоп калган жок. Журналисттер үчүн пресс-конференция берип, Кадыржан Батыров менен  президент өзү мамиле түзүп, ал Атамбаев аркылуу Жалал-Абаддагы кадр маселесин де чечкенин ачыктап, ага Бектур Асанов күбө деди. Ошондой эле Батукаев да Атамбаевдин кийлигишүүсү менен Кыргызстандан чыгып кеткенин ачыктады. Кыскасы, Текебаев да Атамбаевди болушунча согуп, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө коюлган айыптын баарын ажонун өзүнө оодарып салууга аракет жасап жатат. Текебаевдин айткандарына  ынангыбыз келет. Бирок Атамбаев ал айткандай гана иштер менен алек болсо, анда эмне үчүн эртеби-кечпи пайдасы тийип калат деп сүрөт же видеого тартып алган эмес деген суроо жаралат. Булар канча жылдан бери үзөнгүлөш болуп, бирде таарынып, бирде жазылып жүрүп, саясатта достук жок жөн гана кызыкчылыктар бар экенин, эртеби-кечпи ажырашып, бири-бирине душман болоорун  билишчү. Анткени буга чейин деле кайсы бир маселелерде пикирлери келишпей калып, эки жээкте болуп калган учурлары арбын эле болчу.

Азимбек Бекназаров болсо Атамбаевдин айткан сөздөрүнө арданып, Акевчи, Бакиевчилер булардын болгон дарамети ушул экен деп айтат   “уят болдук” деп жатат. Бирок уят болуу же шибегени капка катуу бул менен эле бүтпөйт окшойт. Менимче, Текебаев бул боюнча калбайт. Күндө бир саясый жаңылык айтып Атамбаевди ээрден оодарып түшүш үчүн болгон аракетин жасайт. Эл алдында Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрү эмес, Атамбаев калпыстыктарга жол берген, анын баарын эми бизге оодара салып жоопкерчиликтен кутулууну көздөп жатат деп күрөшкө катуу киришип алды. Кыскасы, бул күз саясый окуяга бай күз болуп, саясый аренаны Атамбаев кетсин деген оппозиция эмес, Атамбаев жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ээлеп, элди   эриктирбейт окшойт.

Бирок Текебаевдин айткандарына ишенгендер, аны колдоого алгандар канчалык көп болсо да, бийликтегилер президентти Текебаевдин соккусунан коргош үчүн болгон аракеттерин жасап, резиденция курулуп жаткан жер мыйзамдуу экенин, ал жерде калпыстыктарга жол берилбегенин, Конституцияны өзгөртүү зарылчылыктан пайда болгонун айтып, маселе жөн жерден чыкпаганын түшүндүрүүгө аракет кылып жатышат.

Бирок Текебаевдин айткандарына ишенгендер, аны колдоого алгандар канчалык көп болсо да, бийликтегилер президентти Текебаевдин соккусунан коргош үчүн болгон аракеттерин жасап, резиденция курулуп жаткан жер мыйзамдуу экенин, ал жерде калпыстыктарга жол берилбегенин,

Айрым аналитиктер президент жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ушундайында акылга келип, жарашып ынтымакта болушпаса кырдаал курчуп, бул иштин аягы  Текебаевди камоо же Атамбаевди мөөнөтүнөн мурун ээрден оодарып түшүү менен бүтүшү мүмкүн экенин айтышууда.

“Асылган оору алмайын тынбайт” дегендей, Текебаев да асылган кишисин кызматтан алып түшмөйүн жаны тынбайт деп өздөрүн соороткону менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн  уйкусу тынч эмес. Мени не деп айтат. Мага кандай айып тагылат? Камап койсо не кылам дегендер четинен пресс-конференция берип, актана башташты. Айтайын дегеним, укук коргоочу, коомдук ишмер, Роза Отунбаеванын аппаратын бир ай башкарган Эдил Байсалов Кадыржан Батыров менен мамилеси жоктугун, ага дипломатиялык паспорт жасатып бербегенин айтып чыкты. Ошондой эле  “мени УКМКнын СИЗОсуна камап, Отунбаева менен Текебаевге каршы көрсөтмө бердирткиле деген тапшырма берилиптир” деп пресс-конференцияда жар салды. Ошондой эле адилет тергөө болсун үчүн УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматынан четтеп турушу керек экенин кошумчалады. Бирок УКМК Эдил Байсаловдун айткан сөздөрүн  иликтегенге убактысы жок экенин, андан да башка иштери көп экенин айтып, “анын кеби  суу кечпейт” дешти. Бирок ошол эле маалда Байсаловду да сурак күтүп турат дегенсип, өз эрки менен келсе жеңилдиктер болот деген жыландын башын кылтыйтышты. Бул маселеде бийлик тарап да, алардын каршылаштары да катачылык кетирбей, чычканга кебек алдырбай сак болууга аракеттенип жатышат.

Бирок эки тарап тең канчалык аракет кылышпасын Кадыржан Батыров менен байланышып, түштүктө коогалаң уюштурууга салым кошкон деген кеп элдин кыжырын кайната баштады. Себеби, түштүк коогалаңын уюштурду дегендер колго түшө электе алар менен тымызын мамиле кургандардын аты атала баштады.  Башкы прокурор Индира Жолдубаева берилген тапшырманы аткарып, Кадыржан Батыровдун чыгышына кимдер салым кошконун, өзбек сепаратисттери менен кимдер байланыш түзүп жүргөнүн аныгына чыгып берер болду бекен деген суроо ачык бойдон калууда.

Убактылуу Өкмөттүн башында турган Роза Отунбаева президенттин ачуу сынына териктиби же күндөп-түндөп иштеп, эркектердей болуп кооптонбой жоопкерчиликти мойнуна алган баатырлыгынын акыбети минтип жаман сөз менен кайтканына ардандыбы же Атамбаев катуу кетсе камалып шерменде болбоюн дедиби Европага чыгып кетти. Ал кайра Кыргызстанга келип өз иши менен алек болору акылга келгиле деп тирешкен тараптарды ынтымакка чакырары белгисиз.

Эмнеси болсо да мамлекетибизде  тынчтык, элибизде ынтымак болсун. Тирешкен тараптар жарашсын деп тилек кылалы.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Асман+”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: