Экс-депутат Эркин Алымбеков дүйнөдөн кайткандыгы боюнча суук кабар тарады.
“Кумтөр” алтын кенин Атамбаев баштаган бийлик улутташтырып, элдин карамагына өткөрбөй жаткандыгы үчүн нааразычылык иретинде депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып парламенттен чыгып кеткен Эркин Алымбеков өмүрүнүн аягына чейин адилетсиздикке каршы күрөштү.
Кечээ, 25-августта оппозиция уюштурган жыйынга катышып, Конституцияны бурмалап өзгөрткөнү камданып жаткан Атамбаевдик режимдин кылыктарына кыжырданып жүргөн Эркин Алымбековдун жүрөгү 54 жашында күтүүсүз токтоп калганын уктук.
Арты кайырлуу болсун! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ