Menu

Жанар Акаев, КСДПчы депутат: “Бажы биримдигине кирдик эле, үмүттү актаган жок, элге берген убадалардын баары жалган болуп чыкты”

Бөлүшүү:

— Жанар, кечээ сен комитетте көтөргөн маселе боюнча сүйлөшөлү. Чет өлкөдөн келген “жүк 200” маселесине келсек, Кыргызстандын канча жараны бир жылда чет өлкөдөн көз жумат экен? Россиядан көп келип жатканы баарыбызга эле маалым. Башка мамлекеттерденчи?

— Бир жылдын ичинде Россиянын өзүнөн эле 350 кыргыздын сөөгү келет экен. Бул тууралуу менин суроомо жооп берип жатып, миграция кызматы тастыктады. Мен ошол жерден “ өзүбүздүн мамлекетте иш менен камсыздоо болбой жаткандан кийин 350 жараныбыздын сөөгү бир жылда келип жатса Кореянын, Араб Эмираттарынын, Кытайдын ири компанияларына иш орунду сүйлөшсө болбойбу?”- десем, алар мага “Чоң компаниялар менен биргеликте 300, 400 орундуу иштерди сүйлөшүп, келишим түзүп жатабыз”- деп жооп беришти. Мына бажы биримдигине кирдик эле, үмүттү актаган жок. Элге берген убадалардын баары жалган болуп чыкты. Жылына 350 адамдын сөөгү Россиядан келет деген бул улут үчүн чоң трагедия.

— Ушунча сөөк келтирбөөнүн бир айласы барбы?

— Россия менен биздин тышкы иштер министрлиги тыгыз иштешиши зарыл. Бажы биримдигине кирдик, бирдиктүү мамлекетпиз деп айтуусу керек. Россияга кеткен мигранттардын агымын токтотпосок, маселени чечүү кыйын. Мисалы, араб мамлекеттеринен көп жумуш орундары чыгат экен, бирок биздин мигранттар англис тилин билбей, бара албай калышууда. Мектептерден баштап тил маселесин жолго коюп иштеген, комплекстүү кадамдар керек.

— Россиядан тышкары биздин мигранттар көп мамлекеттерде бар. Ал жактан канча кыргыздын сөөгү келип жатканын тастыктадыңбы?

— Ал боюнча айтышпады. Казакстандан дагы сөөк келип жатканы жашыруун эмес. Бирок Европадан, батыш өлкөлөрүнөн бирин-экин гана кырсыктап каза таап жаткандары болбосо, улутчулдар өлтүрүп кеткен факты дээрлик жок.

— Миграция кызматын министрлик кылып түзүп, даражасын көтөрсөк болбойбу. Анткени башка мамлекеттеги министрликтер менен сүйлөшүү биздин миграция кызматы үчүн оор болуп жатпайбы?

— Туура айтасыз, министрлик болсо жакшы болмок. Россиянын миграция кызматынын укуктары менен бирдей кылып койсо болот. Баарын жоёбуз, кыскартабыз деп жатып эле, баарын жоюп салмак болдук. Мисалы биздин миграция кызматында штаттар аз, мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Россияга бүгүн миграция кызматы өзүнүн өкүлчүлүгүн ачып жатат. Ал жерде болгону жалпысынан 9 адам иштесе, үчөө юристтер. 3 юрист кантип бүтүндөй биздин Россиядагы мигранттарга кызмат кыла алат, түшүнүксүз. Ал жактагы штаттарды көбөйтүп берсе болмок. Өкмөт бюджетти алып келди, таптакыр жаңы нерсе жок. Ошону үчүн миграция кызматынын колу-бутун кыскартсак, азабын көбүрөөк тартып калабыз.

— Сен өз ара сүйлөшүп жатканда бийлик көп нерселерге жол берип жатат деп айтып кеттиң. Эмнелерге жол берип жатат?

— Акыркы убактагы окуялар мени көп ойлонтууда. Эгерде бийлик саясый ишмерлерди четинен камап баштаса, чоң катачылыкка жол бергени болот. Азыр демократия өкүм сүргөн, адам укуктары сакталган мамлекетте жашайбыз. Айрымдар бизди камаганы жатат, аңдып жүрөт деп айтып жатышат. Саясый ишмерлерди, депутаттарды четинен камап баштаса бул чоң катачылыктарга жол берип, эски жолго түшүп алганыбызды билдирип калат. Мүмкүн болсо мындай катачылыктарга каршы турушубуз зарыл.

— “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Чиркешович көп маалыматтарды сактап жүрүптүр. Эмнеге анын баарын убагында айткан жок деп ойлойсуң? Баш мыйзамдын айынан баарын чубап чыгып жатпайбы. Кызыкчылык үчүнбү?

— Өмүрбек Чиркешович деле убагында айтса болмок. Сынды адамдар бийликте турганда айтышы керек. Мисалы Мелис Мырзакматовду элдин баардыгы мактап жүрүшүп, бийликтен кетээри менен кайра согуп башташкан. Өмүрбек Текебаев баарын бийликтин көзүнө айтып жатат, өтө кыраакы саясатчы, өзүнүн жолун билет. Кандайдыр бир кырдаалды күтүп турду окшойт. Балким окуялар болуп жатканда айтса, андан дагы жакшыраак болмок.

Маектешкен Б.МЫРЗАТОВА

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: