Түркияда эки кыргыз жараны баңгизат жана жасалма акча менен кармалды. Бул тууралуу haberler.com басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-октябрда Анталиянын Серик районунда автоунааны текшерүү учурунда полиция кызматкерлери жасалма акча – 4 400 доллар жана 5 миң лира, ошондой эле сегиз куту баңгизатын табышкан.
Сурактан кийин шектүүлөр кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ