«Куйругунда калбыры бар» эл өкүлдөрү Жогорку Кеңеште Кудайга шүгүр. Алардын ана башында «Бир Бол» партиясынан депутат болгон Исхак Пирматов турат. Бул эргул «Республика» партиясынан 5-чакырылыштын депутаты болуп шайланып келгенде, ошол кездеги Башкы прокурор Аида Салянова «Кыргызнефтегаздагы» 250 миллион сомдон ашык акчаны «ичип-жеп жиберген алдым-жуттумдугу» боюнча кылмыш ишин козгоп, кулагынан жетелеп барып түрмөгө отургуза турган болгондо, кол тийбестик мандатына жамынып, эл өкүлдөрү да көмөктөш болушуп абактан аман калган. Эми деле мандатына жамынып, жоопкерчиликке тартылбай тайраңбай тээп жүрөт. Жогорку Кеңештин жыйынына да келбей калды. Дайын-оту билинбейт. Балким акыры бир күн камалаарын билип, мурдагы Транспорт министри Нурлан Сулаймановго окшоп сыртка жылт койгон жокпу деген шектенүү жаралат экен. Балким сыртта качып барчу жерине бизнес жүргүзүп келечегине кам көрүп жүрөт…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ