Президент Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнак жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам “Жарнак жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдарын 2015-жылдын 31-июлундагы №210 “Администрациялык ишмердиктин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө” мыйзамдын административдик органдардын администрациялык актыларын, аракеттерин же аракетсиздигин жокко чыгаруу бөлүгүндө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ