Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн, 15-октябрда эртең менен Бишкек шаарындагы №9 мектеп гимназиясында орун алган № 1005 шайлоо тилкесинен добуш берди. Төрайым добуш берүүгө келинин менен келди.
-Шайлоого келип добуш берүү ар бир жарандын милдети деп билем. Мен, ар бир шайлоого катышып өзүмдүн позициямды көрсөтүп тандоо жасайм. Бул ирет да ошол салтты бузган жокмун. Эң башкысы өлкө башына келе турчу жетекчи, эл үчүн иштеп өлкөнүн өнүгүшү үчүн жанын аябай иштеш керек. Кыргыз эли табиятынан айкөл, тынчтыкты ынтымакты сүйгөн, кыраакы жана меймандос калкыбыз. Ошондуктан, тандоосунан адашбасын тилейм. Биринчи кезекте мыйзамды туу кармасак мамлекетибиз гүлдөп өсөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ