Шайлоо күнү “Азаттык” үналгысы Бишкектин “Ош” базарындагы соодагерлерге жана алармандарга “Шайлоого бардыңызбы, барбасаныз эмне себептен?” деп суроо салып, маанайларын билип келди.
Айта кетчү нерсе сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү шайлоого олуттуу маани берген жок, ошондуктан катышпагандыктарын билдиришти.
Буга көптөгөн себептерин айтышты – “биометрикалык маалыматтардын жоктугу”, “башка облуста катталган”, “менсиз деле шайлап коюшат”, “Президенттин ким болоору манилүү эмес, биздин өлкөдө эч нерсе өзгөрбөйт” ж.б.
Берлиген жоопторго таянсак, жарандардын эртенки күнгө ишеними такыр болгондугу белгилүү. Ошондуктан эл үчүн күнүмдүк оокат тиричилик Президентти тандоодон дагы маанилүүрөк болуп калды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ