Menu

“Мегакомдун” колун сурагандар кимдер?

Бөлүшүү:

Революция-төңкөрүш болгон сайын эле жаңы келген бийлик башындагылар саан уйдай акча жасаган “Мегаком” компаниясынын негедир бул ирет соодасы жүрбөй же сатылбай койду. Учурдагы бийлик алгач ирет “Альфа Телекомдун” 100 пайыз акциясын былтыр февралда 19 миллиард сомго сатыкка чыгарган. Бирок андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган.  Ал тургай атаандаш саясатчыларды камаганга курал болуп берген (Ө.Текебаев, Д.Чотонов) бул уюлдук ишкананы өткөндө россиялык Елена Нагорная деген айым кыргыз бийлиги сураган 13 млрд. сомго сатып аларын билдирген болчу. Бирок кийин ал чай саткан соодагер экендиги, байланыш тармагына эч кандай тиешеси жоктугу ачыкка чыкты. Өзү да Кыргызстанга бир келип койбой, оозеки түрдө эле “сатып алам” деген сөздөн башка бир сом да берген эмес. Көрсө, ал деле жөн гана эриккенде кыргыз бийлигин эрмектеген тамашакөй окшойт. Эми болсо “Альфа Телеком” компаниясын сатып алууга катары менен дагы эки кардар “куда”  түшүп  жатыптыр. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Б.Казаковдун айтуусунда, алармандардын бири  кагаз түрүндө кайрылып, экинчиси телефон чалып кызыгып жатыптыр. Бирок “Мегакомдун” “колун сурагандар” ким экендиги тууралуу маалыматты жашыруун сыр катары ачыкка чыгарган жок. Демек…

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: