Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда, расмий сапар менен Өзбекстан Республикасына учуп кетти. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Эки күндүк расмий сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу пландаштырылган, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.
Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуусу болжолдонгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ