Menu

Кашкар Жунушалиев: Балыкчыдагы милиция кызматкерлеринин күнөөлөрү далилденсе, чара колдонулат

Бөлүшүү:

24-июлда ИИМ башчысы тармактагы 6 айда аткарылган иштер боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, коомчулукка маалымат каражаттары аркылуу отчет берди. Маалымат жыйындын бүтүндөй жүрүшүн гезит бетине сыйдыруу мүмкүн эмес. Биз болгону басылмабыздын атынан министрге жолдонгон бирин-экин суроолорубузду жана тармак башчысынын жообун окурмандар үчүн тартууладык.

– Кашкар Астаканович, генерал катары тармактагы жосунсуз жорукка барган, колу булганган кызматкерлериңизди тазалоого күчүңүз жетеби?

– Мыйзамсыз иштерге баргандыгы далилденсе, эмнеге күчүм жетпеши керек?

– Күчүңүз жетсе, анда үч айдан бери биздин гезитке Балыкчы шаарынын бир нече чакырылышынын депутаты Турдакун Давлетов оозеки да, жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, Алманбет Асанбеков, Бейшен уулу Ырысменди, Таалайбек Намазбеков, Кеңеш Самыкбаев аттуу Ысык-Көл ОИИББ кызматкерлери кафеден ур-токмокко алышканын (окуянын жүрүшү арызда кенен жазылган) бул боюнча жогору жакка арыз жазса, тиешелүү органдар ишти «жым-жым» кылып басып коюшканы кандай? Же өйдө жакта таанышы барлар билген боткосун чала беришеби?

– Шаардык кеңештин ал депутатынын арызын мага берип коюңуз. Мен бул иштерди жазып, өзүмө белгилеп алдым, жарандарыбызга погонуна таянып өкүмзордук көрсөткөн, биздин тармактын атын булгаган андай кызматкерлерибизге сөзсүз чара колдонобуз. Андай «колун булгаган» кызматкерлер мен турганда сөзсүз тиешелүү жазаларын алышат. Жөн калтырбайм. Мага ишенип коюңуз.

– Жабырлануучунун береги эргулдардын үстүнөн жазган арызын Балыкчы ШИИББ тергөөчүсү Бакыт Сейдинов убагында тийиштүү тергөө амалдарды жүргүзбөй, аларды калкалап, бир жактуу иш алып баргандыгы өзүңөрдүн ички тартибиңерде каралганбы?

– Мен муну дагы жазып алдым. Бүгүндөн калтырбай балдарга тапшырма бердим, иштин чоо-жайынын аягына чыгышат. Күнөөлөрү далилденсе, андай кызматкерлерди эркелетпейм!

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: