Menu

Жеңиш Молдокматов: “Бабанов октябрь окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн фаворитин колдоорун билдирип, аны колдогон 8 партияны жана миңдеген жарандарды уят кылды”

Бөлүшүү:

Өмүрбек Бабанов 9-октябрдагы окуялардан кийин Убактылуу өкмөттүн фаворитин колдой тургандыгын билдирип, муну менен аны колдогон сегиз партияны жана миңдеген жарандарды уят кылды. Бул тууралуу “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жергиликтүү ММКларга берген маегинде билдирди.

“Өмүрбек Бабанов жергиликтүү ММКларга берген маегинде октябрь окуяларында андан премьер-министр болууну сурангандыгын айткан. Бирок андай эмес болчу. Тескерисинче, 6-октябрдан баштап биздин жаныбызда жүрүп, премьер-министр болом деген. Менде сүйлөшүүлөр качан жана кандай жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аудиожазуулар бар. Аларды убагы келгенде берем.

Өмүрбек Токтогулович соодалашуу жасады. Бул окуя 9-октябрда болгон. Эл ага ишенип, анын артынан жөнөштү. 11-октябрь күнү ал бул адамды колдойм деп билдирүү жасады (Садыр Жапаров). Азыр, шайлоо алдындагы мезгилде мен ысымдарды айта албайм. Ал Убактылуу өкмөттүн сүймөнчүгү болгон учурдагы талапкерди колдоду. Бул эмне деген иш? Сулайманов менен Сооронкулова Бабанов премьер-министрдин кызматы жөнүндө айтканда алдап жатат деп туура айтышкан. Аны колдогон сегиз партия жана миңдеген жарандар өздөрүн маскара кылышты. Түшүнүксүз бир нерсе болду”, – деди Молдокматов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: