Menu

Өзбекстанда жашоочулар үчүн «аллергиялык паспорттор» ачылат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин алдында Эл аралык молекулярдык аллергология борбору ачылды. Бул тууралуу өлкөнүн министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор «аллергиялык паспортторду» түзүү жана аларды жайылтуу менен алектенет. Мындай паспортторго ар бир жарандын оорулары жана аллергендери тууралуу маалыматтар жазылат.

Мындан тышкары борбор диагноз коюу, аллергиялык ооруларды биологиялык микрочиптердин жардамы менен дарылоо, өсүмдүктөрдүн чаңдашуусуна мониторинг жүргүү менен алектенип, өлкө жашоочуларына аллергиялык өсүмдүктөрдүн гүлдөө мезгили тууралуу маалыматтарды берип турат.

Ошондой эле борбор анафилактикалык реакциялардын өнүгүү тобокелдигинин бар-жоктугу боюнча азыктарды маркировкалоонун дүйнөлүк стандарттарын киргизүү менен алектенет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: