Бүгүн, 3-ноябрда көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда Талас облусунун улакчылары Ош облусунун командасын утуп, коло медаль тагынды. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Берилген маалыматка караганда, эсеп саны 5:0 менен жыйынтыкталган.
Учурда чемпиондук наам үчүн Ысык-Көл жана Чүй облусунун командалары ойноп жатат.
Эскерте кетсек, 9 команда катышкан көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу 29-октябрда башталган. Көк бөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өтүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ