“Ал кезде коомчулукта “бардык маселелерди Текебаев чечип жатат” деген сөздөр жүрүп турган. Айрыкча “Ата-Мекен” партиясынын өкүлү Жоомарт Оторбаев премьер-министр болгондон кийин мындай сөздөр күчөгөн. Алтургай Текебаев мени жана Куловду башкарып жатат сыяктуу сөздөрдү таратышкан”, – деп билдирди КСДПчы депутат Чыныбай Турсунбеков 6-мартта, “Жалбырак” телеканалына берген маегинде Атамбаев менен болгон мамилеси тууралу айтып жатып.
“Мунун баарын Текебаев менен Атамбаевди уруштургусу келгендер жасашкан. Атамбаев жеңил адам болгондуктан, балким ишенчээк адам болгон үчүн ошондой сөздөргө ишенип, Текебаевге гана душман болбой, анын жанында жүргөн адамдарга да кызуу кандуулук менен мамиле кылган. Ошондуктан ал мага кээде “Чыныбай Чиркешович” деп тийишип ат койчу”,- деди Чыныбай Турсунбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ