Menu

Фото – ЭККМК: Минералдык жер семирткичтерди даярдоо боюнча жашыруун цех аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) (мындан ары – ЭККМК) Баткен облусунун Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча райондор аралык бөлүмү республиканын жарандарынын ден соолугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында калк арасында маалымат берүү иштерин жүргүзүп жаткан, анын жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарындагы кампалардын биринде белгисиз адамдар колдо жасоо ыкмасы менен минералдык жер семирткичтерди жасап жаткандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн.

Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 97-беренесинде каралган жоруктардын белгилери боюнча катталган.

Алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында бул цехке минералдык жер семирткичтерди өндүрүүгө, иштеп чыгууга жана ороого эч кандай уруксат берүүчү документтер берилген эместиги аныкталган, буга байланыштуу соттун токтомунун негизинде аталган цехке тинтүү жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө минералдык жер семирткичтерди тийиштүү каптар, ошондой эле минералдык жер семирткичтерди өндүрүү, иштеп чыгуу үчүн жабдуу табылган. Тинтүү жүргүзүү учурунда аталган жабдууну жумушчулар активдүү пайдаланып келишкендиги билинди.

Даярдалып жаткан өндүрүм тастыктамаланган эмес, тагыраак айтканда тийиштүү лабораториялык текшерүүдөн өткөн эмес, ал айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана адамдын ден соолугуна коркунуч алып келиши мүмкүн. Жогорудагылардын негизинде, ошондой эле жазгы сугат иштери жакындап келе жаткандыктан ЭККМК жарандарга минералдык жер семирткичтерди сатып алууда этият болууну жана сатуучудан товарды тастыктаган документтерди талап кылууну сунуштайт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: