Жизак облусунун Зафарабад райондук администрациясы аз камсыз үй-бүлөлөргө 20дан жөжө берүүдө. Жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, алар демөөрчүлөрдүн акчасына сатылып алынган. Элдин үй канаттууларын көбөйтүүгө болгон кызыгуусун арттырып, аларды материалдык жактан колдоо үчүн жөжөлөр бекер таркатылууда.
Зафарабад районунда 257 аз камсыз үй-бүлө бар. Алардын ар бирине 20дан жөжө берилүүдө. Жергиликтүү жашоочулар бул маалыматты тастыкташты.
Буга чейин өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөрдү 100дөн тоок менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа кабыл алган. Тапшырманы аткаруу үчүн жергиликтүү бийлик калк арасында үгүт иштерин жүргүзүүдө. “Учурда биздин банктар эл үй канаттууларын, мал-жандыктарын багып, лимон багбанчылыгы менен алектенсин деп 7,5 миллион сум өлчөмүндөгү каражатты 9 пайыз үстөк менен берүүдө”– деди жергиликтүү администрациянын өкүлү Кадыр Ризаев.
Өзбекстанда жашаган ар бир үй-бүлө милдеттүү түрдө 100дөн тоок багуусу керектигин президент Шавкат Миризиёев Каракалпакстанга жасаган сапары учурунда айткан. Анын пикиринде, бул өлкөдөгү кедейчиликти жоюуга жардам берет. Мирзиёев акимчиликтерге идеаны ишке ашыруунун жолдорун ойлоп табууну тапшырып, банктарга элди насыя менен камсыз кылууга көрсөтмө берген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ