Ош облусунда экстремизм менен терроризмге үгүттөгөн 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда , Абдулла аттуу адам интернет аркылуу экстремизм менен терроризмге байланыштуу материалдарды мыйзамсыз таратып жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Аталган факт каттоого алынып, анын өздүгү жана дареги такталган. Ал 1987-жылы туулган Кара-Суу шаарынын тургуну Абдулла аттуу аттуу киши болуп чыккан. Шектүү Кара-Суу районунда кармалган, анын үйүнөн мыйзамсыз сакталган ок-дарылар табылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ